Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Британия Украинага дагы аскердик жардам берерин жар салды


Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинанын парламентиндеги видео кайрылуусу. 3-май, 2022-жыл.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинанын парламентиндеги видео кайрылуусу. 3-май, 2022-жыл.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 3-майда Украинанын парламентинде видео байланыш аркылуу билдирүү жасап, Лондон Киевге кошумча аскердик жардам берерин жар салды. Жаңы жардамдын көлөмү 300 миллион фунт стерлинг (376 млн. АКШ доллары) турат.

Лондон Украинага буга чейин аскердик техника, анын ичинде ракеталарды жана ракеталык орноткучтарды жөнөткөн. Жаңы жардам радиоэлектрондук күрөшүү каражаттарынан, радиолокациялык системалардын аккумуляторлорунан, GPS толкундарына тоскоолдук келтирүүчү жана түнкүсүн көрүүчү жабдуулардан турат.

“Биз Украинанын камсыздоону дагы улантабыз. Силерге эч ким кол сала албай тургандай деңгээлге чейин Украинаны бекемдөө үчүн курал, каржылоо жана гуманитардык жардам берилет”,- деди Жонсон кайрылуусунда.

Орусия өзү “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украина үчүн болуп жаткан согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган. Бул аралыкта орус аскерлери Украинанын түштүгүндөгү жана чыгышындагы облустарынын бир топ бөлүгүн басып алды. Киев, Чернигов жана башка түндүктөгү аймактардан артка чегинди.

Согуштук аракеттерден эки тараптан тең, аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Батыш өлкөлөрү Украинаны курал менен камсыз кылуусун жана Орусияга санкция салуусун күчөтүп жатат. Ошентсе да өздөрү Орусия менен түздөн-түз тирешке барбай турганын билдиришүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG