Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Бишкекте 11 киши шаурмага ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги "Эл эмне жейт" тез татым түйүнүндө 11 киши шаурмага ууланды. Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору уулануу 5-майда катталганын кабарлады. Аталган тез татым түйүнүнөн азырынча комментарий боло элек.

Санэпидкөзөмөлдүн адистери жеринде териштирүү жүргүзүп, "Эл эмне жейт" тамактануучу жайына 13 миң сом айыппул салынды. Уулануунун себептери лабораториялык изилдөөдө аныкталганга чейин түйүндүн иши токтотулду.

1-майда Кара-Суудагы “Сахобат” цехинде даярдалган таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG