Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы анын атынан жалган кабар тараганын билдирди


Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.
Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.

Баткендеги Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Нурмаматов Фейсбукта анын атынан жалган кабар таратылып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" комментарий берип, муну чагым деп атады.

"Мен андай маалымат жазган да, интервью берген да эмесмин. Бул абалды курчутуу, мамилени бузуу үчүн жасалган аракет. Бул тексти фейктер эле жазып койгон деп ойлойм", - деди айыл өкмөтүнүн башчысы.

6-майда Нурмаматовдун атынан социалдык тармакка жарыяланган орусча кайрылууда "Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалып турган мамилеге кыргыз бийлиги күнөөлүү" экени жазылган. Бул маалымат Фейсбуктагы айрым тажик тилдүү баракчаларга тараган.

2021-жылы кыргыз-тажик чек арасында ондогон адам өмүрү кыйылган куралдуу кагылыштан кийин Бишкек чек араны жапкан. Андан кийин да бир канча жаңжал болуп, эки тарап бири бирин күнөөлөгөн.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктап, эки элдин ортосунда "пайдалуу кызматташтык мамилелерди чыңдоого, биргелешкен жаратмандык өнүгөрүнө ишенерин" айтты.

Андан мурдараак президент Жапаров Фейсбукка жарыялаган куттуктоосунда биримдик, кошуналар менен ынтымакта болуу артыкчылыкка ээ экенин белгилеген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG