Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:58

ДССУ коронавирустан 15-16 миллион адам каза болгонун маалымдады


COVID-19 вирусунан каза болгон адамды көмүү учуру. Омск, Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
COVID-19 вирусунан каза болгон адамды көмүү учуру. Омск, Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жаңы жарыялаган баяндамасында COVID-19 вирусунан жана анын медицина системасына тийгизген кесепеттеринен улам дүйнөдө 13,3 миллиондон 16,6 миллионго чейин адам каза болгонун маалымдады.

Бул сан 2020-жылдын январь айынан тартып 2021-жылдын декабрынын аягына чейинки курмандыктардын эсеби. Тизмеге быйыл жыл башынан бери илдеттен каза болгондор киргизилген эмес.

Баяндамада негизги өлүм-житим Европада, Америкада жана Түштүк-Чыгыш Азияда катталганы белгиленген. Өлкөлөрдүн ичинен АКШда, Бразилияда, Индияда, Орусияда, Улуу Британияда жана Мексикада өлгөндөр арбын болгон.

Алар коронавирустун өзүнөн же ал козгогон оорулардан көз жумганы айтылат. Мындан сырткары вирустан ооругандар көбөйүп кеткендиктен ооруканалар башка бейтаптарды кабыл ала албай, натыйжада, вируска тиешеси жок адамдар да каза болгону фактор катары келтирилет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баяндамасындагы сан өлкөлөр чыгарган расмий маалыматтардан эки эсе көп. Ушул эле уюмдун өлкөлөрдүн отчётторуна таянган билдирмесинде илдеттин түздөн-түз курмандыктары 6 миллиондон ашкан.

COVID-19 вирусунун кескин тарашы алгач 2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань шаарында катталган. 2020-жылдын 30-январында БУУнун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун таралышын өзгөчө кооптуу деп таап, ошол эле жылы аны “пандемия” деп жарыялаган.

Жугуштуу оорулардын бир нече өлкөлөрдө өзгөчө катуу ылдамдыкта тарашы “пандемия” деп аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG