Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталат


Баткен.
Баткен.

Бүгүн 9-майда Баткенде Улуу Жеңиш күнүнө карата уюштурулган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталат. 2-майда башталган, отуздан ашык команда катышкан, жалпы байге фонду 3,5 миллион сомду түзгөн оюндардын Жогорку лигадагы таймашынан кийин жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи өтөт.

Көк бөрүдөн тышкары Салбуурун оюндары, эр эңиш, кыз куумай, тыйын эңмей, эр сайыш мелдештери да болот.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда согуштун 146 ардагери калганын быйыл февралда билдирген. Фашизмге каршы согуштун ардагерлерине мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, ал эми Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет. Быйыл ар бир ардагерге 100 миң сомдон берилери маалымдалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG