Бишкекте турмуштук оор шартта, интернаттарда, баш калкалоочу жайларда жашап жаткан балдардын ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык башталганын 11-майда борбор калаанын мэриясы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, “Биздин балдар – планетанын келечеги” ураан алдындагы акция 1-июнда белгиленүүчү Балдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулууда жана ал 15-июнда жыйынтыкталат.
Жардамга муктаж балдар райондук акимчиликтердин жана жергиликтүү милициянын жардамы менен аныкталууда. Алардын ден соолугу текшерилип, тийиштүү дарылануудан жана эмдөөдөн өткөрүлөт.
Бишкекте майыптыгы бар 3405 бала жергиликтүү бийликтин расмий каттоосунда турат. Жетим балдардын катталган саны 200дүн тегерегинде. (RK)