Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

12-майдын аба ырайы


Кыргызстан. Чүй.
Кыргызстан. Чүй.

12-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Бийик тоолордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 24…26 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG