Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Эне-баланы коргоо борборунда Эне күнүнө арналган акция өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 13-майда Бишкекте, Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун Клиникалык төрөт үйүндө Эне күнүнө арналган иш-чара өтөт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, “Ачык эшик” акциясынын максаты – аялдардын репродукциялык саламаттыгын коргоо жана эне болуунун коопсуздугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Каалоочулардын баары дарыгерлердин кабыл алуусунда болуп, кеп-кеңеш ала алат.

Иш-чарага парламенттин жана өкмөттүн өкүлдөрү, президенттин жубайы катышат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев быйыл февраль айында Жогорку Кеңештин жыйынында былтыр мурдагы жылдарга салыштырганда энелер өлүмү көбөйгөнүн билдирген.

Кыргызстанда Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG