Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Молдованын жикчил Приднестровье аймагында кампаларга чабуул жасалды


Молдованын аймагында өзүн-өзү республика деп жарыялаган Приднестровьенин жана Украинанын картасы.
Молдованын аймагында өзүн-өзү республика деп жарыялаган Приднестровьенин жана Украинанын картасы.

Молдова аймагындагы өзүн-өзү республика деп жарыялап алган Приднестровьенин бийлиги Тираспол шаарында күйүүчү май кампалары жана аскердик комиссариаттар чабуулга кабылганын 13-майда кабарлады.

Маалыматта белгисиз адамдар имараттарга Молотов коктейлин ыргытып, аткылашкан. Жергиликтүү күч кызматкерлери аларды кууп, өрттүн алдын алып калышкан.

Приднестровьеде апрелдин соңунда коомсуздук мекемелеринде, мамлекеттик имараттарда жарылуу болуп, телемунаралар жана башка оъбекттер кулатылган.

Молдованын президенти Майя Санду Москва колдогон жикчил Приднестровьедеги чабуулдарды чыңалууну курчутуу аракети деп сыпаттап, аймактагы “согушчул фракцияларды” айыптаган.

Молдованын бийлиги Украина менен чектеш кууш линияда жайгашкан Приднестровье аймагына көзөмөл жүргүзө албайт. Днестр дарыясынын боюнда орус тилдүү калк 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өзүн көз карандысыз аймак деп жарыялаган. Түзүм Тираспол шаарын өз борбору деп эсептейт.

Эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү катары санайт. Орусия аталган аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтөт, аскерлерин да жайгаштырган. Москва муну "тынчтык орнотуу" аракети деп түшүндүргөн. Приднестровьедеги 200 миңдей жаран Орусиянын жарандыгын алганы буга чейин ырасталган. 2014-жылы Приднестровьенин Жогорку Совети Орусияга кошулуу тууралуу чечим кабыл алган.

22-апрелде Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Украинага жасалган аскердик операциянын экинчи фазасынын алкагында украин жергесинин түштүк аймагын толук алуу аракети көрүлөрүн, бул Приднестровьеге жол ачуу максатын көздөй турганын жергиликтүү басылмаларга билдиришкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG