Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Түндүк Корея коронавирустан алгачкы курмандыктар катталганын маалымдады


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын

Түндүк Кореянын бийлиги COVID-19 инфекциясынан улам оорусу күчөп кеткен алты адам өлгөнүн билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги кабарлады.

Басылма апрелдин аягынан бери өлкөдө 350 миңдей адам вирусту жуктуруп алганын, мындан сырткары дагы 200 миңдей адам обочолонууга киргизилгенин белгиледи.

Пхеньян мунун алдында өлкөдө коронавирустун биринчи учуру катталганын маалымдаган. Бир катар маалымат каражаттары түштүк кореялык "Йонхап" агенттигине шилтеме берип, "омикрон" штаммы Пхеньянда 8-майда алынган анализдерде табылганын жазды.

Буга байланыштуу өлкөдө чукул абал киргизилди жана карантин жарыяланды. Өлкө лидери Ким Чен Ын вирустун жайылышын токтотуу тапшырмасын берип, кризис жөнгө салынарын убада кылды.

Буга чейин расмий Пхеньян пандемияда COVID-19дун бир да учуру катталбаганын билдирип келген. Бийлик буга чек араларды толук жабуу жардам бергенин айткан. Жетекчилик атүгүл эл аралык долбоордун алкагында вакцина алуудан баш тарткан. Эксперттер коронавирус Түндүк Кореяда жок деген ырастоолорго күмөн саноо менен карап келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG