Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Чүйдө эки ымыркайдын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-майда Бишкектин Дордой-2 жаңы конушундагы айланма жолдогу көпүрөнүн астынан жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Аталган факт Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясына катталып, учурда иш Бишкектин Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда акыркы жылдары канча бала ташталганы беймаалым. Саламаттык сактоо министрлиги 2016-жылы "бэйби бокс" же балдарды таштоо кутуларын ачуу демилгесин көтөрүп чыкканы менен сунуш ишке ашкан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG