Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммити 16-майда Москвада өтөт. Саммитке Кыргызстандан президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегация катышат.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жыйынтыгында ЖККУнун 30 жылдыгына байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсү кабыл алынат.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)