Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Кыргыз жана казак депутаттары чек арада көчмө жыйын өткөрүүдө


Депутаттардын чек арадагы көчмө жыйыны.
Депутаттардын чек арадагы көчмө жыйыны.

Бүгүн 13-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен Казакстан парламентинин Мажлисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамбыл облусунун Кордай айылында биргелешкен көчмө жыйын өткөрүүдө. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн депутаттары “Ак-Жол” ("Кордай), "Ак-Тилек" ("Карасу") өткөрмө бекеттеринин иши менен таанышып жатышат.

"Депутаттар Кордай айылында биргелешкен жыйын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Айрыкча ЕАЭБ алкагында транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүү, Казакстандын тийиштүү органдарынын Кыргызстан тараптан барган жүк боюнча контролдук-инспекциялык иш тартибин жөнгө салуу боюнча сөз болот" деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Чек арадан казак тарапка жүк алып өтүү оорлогонуна байланыштуу Жогорку Кеңеште депутаттар бир нече жолу нааразылыгын айтып, Казакстанга карата чечкиндүү чара көрүү сунуштарын бир нече жолу айтышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG