Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолор алынат


1-июлдан тартып Ысык-Көл облусунун тургундарынын пляж аймактарына киришине чектөөлөр жана көл жээгинде ачык эшиги жок тосмолор алынат. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкта санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждер ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун чектеп жатканы айтылат.

Мындан улам 1-июлдан тартып Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүнө кандайдыр бир чектөөлөр коюлбаш керек. Ысык-Көлдүн пляж аймактарында жайгашкан, ачылуучу эшиги жок тосмолор (дубалдар, темир торлор, металл зымторлор) демонтаждалып, мындан ары орнотууга тыюу салынат.

Менчик түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарын биодааратканалар менен жабдууга милдеттендирилет.

Ысык-Көл облусунда пансионаттардын күзөтчүлөрү менен жергиликтүүлөр ортосунда чатак чыгып, тосмолор талкаланган учурлар көп катталган. Жергиликтүү тургундар көлдүн жээгине ээн-эркин кире албай калганына даттанган учурлар арбын. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG