Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Британия Путиндин мурдагы жубайына жана Кабаевага санкция салды


 Орусиянын президенти Владимир Путин жана Алина Кабаева.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Алина Кабаева.

Улуу Британия Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу санкциялык тизмесин кеңейтип, ага дагы 12 адамды кошту. Анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын деп саналган Олимпиада чемпиону Алина Кабаева менен анын мурдагы жубайы Людмила Очеретная да бар. Британ бийлиги Путиндин туугандары жана анын жакын чөйрөсүнө кирет деп эсептеген кишилерди тизмеге киргизген.

Кабаева санкцияга анын “Улуттук медиа топтун” башкы директору кызматына байланыштуу кошулганы белгиленет. “Биринчи канал” кирген медиаларды башкарган бул компания Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана суверенитетине шек келтирүүдө. Мурда Путин фамилиясынан кийин аты-жөнүн өзгөрткөн Людмила Очеретная ажырашканына карабай өз бизнеси үчүн Орусиянын бийлигинен чоң артыкчылыктарды алып келет.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтеги өз булактарына таянуу менен Алина Кабаеваны Путиндин жубайы жана эки баласынын атасы деп жазып келишет. Швейцариялык SonntagsZeitung гезити Кабаева 2015-жылы жана 2019-жылы эки балалуу болгонун маалымдаган. Кремл бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Мурдараак The Wall Street Journal басылмасы АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши Кабаевага каршы санкция салууну токтотуп койгонун жазган. Медиа муну америкалык аткаминерлер Орусиянын президенти Владимир Путин менен ымала мындан ары өтө оорлоп кетеринен чочулаганын белгилеген. Британия Кабаевага санкция салган биринчи өлкө болуп калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG