Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

"Элдик" депутаттык тобунун Аравандагы жыйынында чыр чыкты


"Элдик" депутаттык тобунун Аравандагы жыйыны.
"Элдик" депутаттык тобунун Аравандагы жыйыны.

Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттык тобунун Ош облусунун Араван районунда өткөргөн көчмө жыйынында чыр чыкты.

Депутаттык топ 13-майда Араван жана Ноокат райондорунда көчмө жыйын өткөрүп, жазгы талаа иштеринин жүрүшү, жолдордун курулушунун абалы жана Араван жана Ноокат райондорунун калкын социалдык жактан камсыздоо маселелери каралмак.

Социалдык тармакка тараган видеодон жыйынга катышкан элдин бир бөлүгү президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун сөзүн бөлгөнгө нааразы болуп жыйынды таштап кеткенин көрүүгө болот.

"Элдик" депутаттык топтун секретариаты жыйынды таштап кеткен адамдар Данияр Жаныкулов тарабынан уюштурулган, жергиликтүү тургундар эмес экенин билдиришти. Секретариаттын кызматкерлери андан кийин жыйын тынч өтүп жаткан видеону жөнөттү.

Данияр Жаныкулов же анын тарапташтары жыйындагы чыр тууралуу пикирин билдире элек.

Ош облусунун Араван районундагы жер чатагы уланууда. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловду эл өкүлү Жалолидин Нурбаевди каралап жатат деп айыптап чыгышкан. Данияр Жаныкулов депутат Жалолидин Нурбаев мурда айыл өкмөтү болуп турган учурдагы мыйзам бузуулары боюнча президентке кайрыларын айткан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG