Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:50

"Кумтөрдүн" басма сөз кызматы иш таштоо тууралуу маалыматты четке какты


Кумтөр. Архивдик сүрөт.
Кумтөр. Архивдик сүрөт.

“Кумтөр” алтын кенинде абал тынч экенин 13-майда ишкананын басма сөз катчысы Назира Ахмедова билдирди. Ал эч кандай иш таштоо болбогонун, бардыгы штаттык режимде иштеп жатканын, "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси, ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов менен «Кумтөрдүн» иш таштоого ниеттенип жатат деген кызматкерлери менен жолугушуу болбогонун айтты.

Ахмедованын айтымында, учурда кендин директору Кубанычбек Молдобеков менен подряддык ишканалардын жетекчилеринин ортосунда актуалдуу маселелер боюнча жыйын өтүүдө.

Бүгүн “Кумтөр” менен иштешкен айрым жергиликтүү ишканалардын жумушчулары иш таштоого ниеттенип жатканы, алар облус жетекчиси менен жолугушууга киргени тууралуу маалыматтар тараган болчу. "Азаттык" алардын айрымдары менен байланышканда маалымат кийинчерээк берилерин айтышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG