Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Баткен ТВнын имаратын курууда мыйзам бузуу болгону кабарланды


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Башкы прокуратура Баткен облустук телерадиокомпаниясынын имаратынын курулушу бүтпөгөн абалда кабыл алынганын билдирди.

Буга байланыштуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылганы белгилүү болду.

Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын жооптуу адамдары курулуштун сметалык баасы 38 млн. 441 миң 57 сомду түзгөнү тууралуу тиешелүү компаниянын актысын кабыл алган.

Прокурордук текшерүүдө курулушту жүргүзгөн компания тарабынан 11 млн. 414 миң 987 сомдук иш аткарылбаганы аныкталганы, бул сумма тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекетке кайтарылганы айтылды.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып, иш кароо үчүн сотко жөнөтүлгөн. Айыпталып жаткан тарап комментарий бере элек.

Баткен облустук телерадиокомпаниянын имаратын куруу үчүн 2016-жылы тендер өткөрүлүп, 2017-жылы курулушу башталган. 2020-жылы имараттын курулушу аяктап, мекеме иштей баштаган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG