Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Z тамгасы тартылган форма кийген орусиялык гимнаст мелдештерден четтетилди


Иван Куляка
Иван Куляка

Гимнастика боюнча Эл аралык федерациянын тартип комиссиясы орусиялык спортчу Иван Кулякты бир жылга мелдештерден четтетти. Ал Дохада өткөн Дүйнө кубогунун медал тапшыруу аземинде Z тамгасы тартылган форма кийип чыккан. Бул тууралуу федерациянын маалымат кызматы кабарлады.

Комиссия 20 жаштагы гимнаст федерациянын жобосун, этикалык кодексин жана техникалык регламентин бузду деген тыянакка келди. Куляк коло медалын жана 500 швейцариялык франк өлчөмүндөгү сый акыны кайтарып, 2 миң франк соттук чыгымды төлөөгө милдеттендирилди. Спортчу бул чечимди 21 күндүн ичинде талаша алат.

Z тамгасы орус армиясынын Украинадагы “атайын операциясын” колдоо символуна айланган. Дохадагы мелдеште биринчи орунду украиналык Илья Ковтун, экинчи орунду казакстандык Милад Карими алган.

Москва Укрианага согуш ачкандан бери бир катар эл аралык уюмдар орусиялык жана беларустук спортчуларды турнирлеринен четтеткен. Айрымдары согушту ачыктан ачык колдогону үчүн жеке дисквалификацияга туш болду

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG