Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Министр Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакында башталарын айтты


"Камбар-Ата-2" ГЭСинин курулушу. Архивдик сүрөт
"Камбар-Ата-2" ГЭСинин курулушу. Архивдик сүрөт

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш жакынкы кундөрү баштала турганын энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 22-майда өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Бирок анын так мөөнөтүн айткан жок.

Ал Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында ГЭС плотинасы, бурма каналы жана машиналык зал курула турган жер менен таанышканын билдирди.

"Бул - өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган өтө маанилүү долбоор. Азыркы учурда болгон күчүбүздү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жумшай турган болсок, анын акыбети кайта турган күн алыс эмес", - деди Бекмурзаев.



Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каржы ресурстары бар экенин, Финансы министрлиги курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 млн. АКШ долларын бөлө турганын айткан.

Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса кошумча 1000 МВт электр энергиясы берилип, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздай турганы айтылып келет.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапарында Камбар-Ата-1ди коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан.

Өзбекстан менен биргелешип куруу боюнча негизги маселелер карала электигин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев парламенттин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын 15-апрелдеги жыйынында маалымдаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG