Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Ооганстанда аял журналисттер эфирге жүзүн жаап чыга баштады


Шамшад ТВнын алып баруучусу Хосай Ахмадзай "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) буйругунан соң эфирге паранжы кийип чыккан учуру. Ооганстан, 2022-жыл.
Шамшад ТВнын алып баруучусу Хосай Ахмадзай "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) буйругунан соң эфирге паранжы кийип чыккан учуру. Ооганстан, 2022-жыл.

Жаңылыктарды жана башка берүүлөрдү алып барган аялдар 22-майда "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) буйругуна ылайык эфирге жүзүн жаап чыгышты.

Ушул айдын башында талибдердин лидери Хайбатулла Ахунзаде аялдарды коомдук жайларда денесин жана жүзүн толук жаап жүрүүгө милдеттендирген буйрукка кол койгон.

21-майда телеканалдарда иштеген аялдарга карата да ушундай эле буйрук күчүнө кирген. Ошентсе да журналисттер 21-майда буйрукка баш ийбей эфирге жүзүн жаппай чыгышкан. Бирок 22-майда алар жаңылыктарды көздөрүн гана ачык калтырган абалда окуду.

“Бетибизди толук чүмкөөгө каршы чыкканбыз, бирок бизге кысым жасай башташты. Биз алардын талабына баш ийүүгө аргасыз болдук”, - деди TOLOnews каналанын кабарчысы Соня Ниязи AFP маалымат агенттигине сүйлөп жатып.

Талиб өкмөтү аял журналисттердин иштешине каршы эместигин айтып келет.

Былтыр августта Ооганстандагы бийликти басып алгандан бери "Талибан" кыймылы аялдардын укуктарын кыйла чектеген бир катар буйруктарды кабыл алган. Ооган аялдарына эркек тууганы жок саякаттоого тыюу салынган. Өлкөнүн көптөгөн аймактарында кыздар 6-класстан кийин орто мектепке бара албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG