Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Ат-Башыдагы кар түшкөн жайлоолорго тоют жөнөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ат-Башы райондук бийлиги кар түшкөн жайлоолор менен байланыш бар экенин, жол каттамдары ачык турганын билдирди. Жалпысынан 14 автоунаага тоют жүктөлүп, малчыларга жөнөтүлгөн.

Жекшембиде өлкө боюнча аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарга кар түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-майда дагы бир катар региондордо маал-маалы менен нөшөрлөгөн жамгыр, ал эми тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскертти.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 21-22-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдирген.

Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак-жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти. Учурда табыгый кырсыктын кесепетин жоюу, чыгымын тактоо иштери жүрүп жатат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG