Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Бишкек: коомдук транспортторго жарнама чаптоого тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы коомдук транспортторго алардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу максатында жарнама чаптоого тыюу салынганын, мунун алкагында бригадалар, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Буга чейин шаар бийлиги жүргүнчү ташыган машинелердин сыртына чапталган жарнамаларды сыйрып, тазалоого бир ай убакыт берген.

Мэриянын билдиришинче, жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун 85% жеке компанияларга таандык. Анда шаардыктарга 40тан ашык жеке маршруттук компаниянын үч миңден көп кичи автобусу кызмат көрсөтөт.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Бишкекте тогуз каттамда 79 автобус, 11 каттам боюнча 131 троллейбус иштейт.

Бишкекте бир канча жылдан бери эле коомдук транспорт таңкыс жана андагы тейлөө сапатына байланыштуу маселелер көтөрүлүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG