Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Ооганстандагы жардыруулардан ондон көп адам мүрт кетти


Ооганстандагы жардырууда жарадар болгондор.
Ооганстандагы жардырууда жарадар болгондор.

25-майда Ооганстандын баш калаасы Кабулда жана өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында болгон жардыруулардан ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Талибдер башында турган өкмөттүн өкүлү Абдул Нафи Такур “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргендей, Кабулдагы мечитте болгон жардыруу эки адамдын өмүрүн алды. Он чакты киши жарадар болуп, ооруканадан беш киши каза болгонун ырасташты.

Окуя кечки намаз окулуп жаткан маалда болгон. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек. Буга чейин мындай жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Ооганстандагы канаты алып келген.

Ал эми Балх провинциясынын борбору Мазари-Шариф шаарында үч чакан автобуска коюлган бомба жарылып, тогуз киши набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү полиция башкармалыгы билдирди. Ал жактагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG