Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Сузакта мугалим менен окуучунун чыры боюнча сотко чейинки териштирүү башталды


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 26-майда тараткан билдирүүдө Сузак районундагы мектепте болгон окуя боюнча 25-май күнү Сузак райондук милициясына катталып, алдын ала текшерүү жүргүзүлгөнү айтылат.

“Териштирүүдө окуя 2022-жылдын 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгондугу, мектептин 7-классынын окуучусу Д.Хны информатика сабагынан мугалим Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган. Мугалим 23-май күнү 7-класстын окуучусу Д.Х. менен өзүнүн кызы К.А. өз ара сөз талашып, айтышып кеткен учурда, сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткен. Окуучу Д.Х. орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып, тарбиялык мааниде уруп жибергенин айткан. Белгилей кетүүчү жагдай, социалдык тармакта видеонун толук варианты берилбей, мугалимдин окуучуну уруп жаткан жери эле көрсөтүлүп калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө толук видео алынып, анда окуучу мугалим менен кайым айтышып, кол көтөрүүгө себепкер болгону такталган”, - деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Аталган факты боюнча толук жана объективдүү текшерүү максатында, атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда буга чейин да мугалим окуучуга кол көтөрүп, иштен кеткен окуялар катталган.(JsA)

XS
SM
MD
LG