Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Кыргызстан Орусиядан күйүүчү майды рубль менен сатып алууда


Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. 2020-жыл.
Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. 2020-жыл.

Кыргызстандагы мунай ташуучулардын көбү күйүүчү-майлоочу майларды Орусиядан рубь менен сатып ала башташты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Депутат Дастан Бекешев эмне үчүн доллардын арзандашы менен күйүүчү майдын баасы өзгөрүүсүз калганына кызыккан.

"Бизге Монополияга каршы агенттиктен билдиришкендей, доллардын курсунун өсүшү менен күйүүчү-майлоочу майдын баасы да кымбаттап жатат. Ошондон бери доллардын курсу түшүп, бирок күйүүчү-майлоочу майдын баасы ошол бойдон калды. Демек, суроо туулат, баа кайра каралабы? Анткени биз күйүүчү-майлоочу майларды доллар менен сатып алабыз", - деди.

Тайлаков жооп катары күйүүчү-майлоочу майларды импорттоочулар аларды орус рубли менен төлөй баштаганын айткан.

"Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлердин 70%ы күйүүчү-майлоочу майларды рублга сатып алышат. Бул жакында, болжол менен 20 күн мурун болгон. Калган 30% доллар менен төлөөнү улантууда", - деген ал.

Депутат Дастан Бекешев Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майларды доллар кымбат учурда доллар менен, рубль кымбаттаганда рубль менен сатып алып жатканына нааразы болуп, бир валютада алууга чакырды.

Кыргызстанда акыркы бир жылда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кескин кымбаттады. Бүгүн Бишкекте АИ-92 маркасындагы бензин 62,9 сом болсо, туура бир жыл мурун анын баасы 49,4 сом болчу.

Кыргызстан жылына бир миллион тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу май керектейт. Өлкө мунай продуктуларынын дээрлик бардык көлөмүн Орусиядан импорттойт. (МТа)

XS
SM
MD
LG