Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Орусия армиясы Украинанын чыгышындагы негизги шаарларды аткылап жатат


Украинанын чыгышы.
Украинанын чыгышы.

Украин аскерлери билдиргендей, орус армиясы Донбасттагы кырктай шаарды аткылап, эки негизги калааны куурчап алуунун алдында турат.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай маалымдагандай, орусиялык күчтөр 25-майда Лисичанск жана Северодонецк шаарына артиллериялык чабуул жасашкан. Карапайым тургундардын арасында жоготуулар бар.

Гайдайдын айтымында, учурда Лисичанскта полиция каза болгондордун сөөктөрүн чогултуп жатат. Ушул убакка чейин бир жерге 150дөй адамдын сөөгү көмүлдү.

Северодонецк жана Лисичанск шаарлары багынса, Луганск облусу толугу менен баскынчылардын карамагына өтөт.

Азыркы чабуулдарына карабай, орус армиясы олуттуу жоготууларга дуушар болгонун Британиянын чалгын кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Орусиянын аба-десанттык күчтөрү чоң жоготууларга учураган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG