Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Кабулда аялдар кыздардын мектепке барышын талап кылган акцияга чыгышты


Кабулдагы аялдардын акциясы.
Кабулдагы аялдардын акциясы.

Кабулда жыйырма чакты аялдан турган топ мектептердин кыздар үчүн ачылышын талап кылып нааразылык акциясына чыгышты.

Былтыр августта Ооганстандын башына талибдер келгени өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө кыздардын 6-класстан кийин окуусуна тыюу салынган.

26-майда аялдар Кабулдагы Марьям орто мектебинин алдына чогулушту.
"Силер биздин наныбызды, ишибизди тартып алдыңар. Биз окуй да албайбыз",-деп кыйкырышты. Айрым күбөлөр билдиргендей, талибдер акцияга чыккан аялдарды көп өтпөй асманга карай ок чыгарып, таратышкан.

Талибдердин ички иштер министрлигинин өкүлү Азир Ахмад Такыр демонстрациянын күч менен таркатылышы тууралуу маалыматты четке какты.

Былтыр 18-сентябрда Ооганстандын мектептеринде окуу жанданганы менен өспүрүм кыздарга жана мугалим аялдарга мектепке кирүүгө уруксат берилген эмес. "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылы эркек балдарга жана мугалим агайларга гана билим уясына кайтууга жол берген.

Былтыр августта Кабулда өкмөттү кулатып, бийликке келген талибдер аялдардын укуктары шариятка ылайык сакталарын жарыялаган. Иш жүзүндө андай болгон жок.

Ошондой эле 7-майда жарыяланган буйрукка ылайык, аялдар коомдук жайларда башын, денесин чүмкөп жүрүүгө тийиш. Ооганстанда кыз-келиндердин көбү жолук салынып жүрөт, бирок Кабул өңдүү чоң шаарларда бетин ачык калтыргандар да аз эмес.

XS
SM
MD
LG