Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Ош облусундагы коомдук жайларга 105 видеокамера орнотулду


Ош облусунун аймактарындагы коомдук жайларга 105 видеокамера орнотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Камералар калк жыш жайгашкан жерлерге, автоунаа жолдоруна, ички иштер бөлүмдѳрүнүн нөөмөт бөлүмдөрүнө, убактылуу кармоочу жайларга орнотулган.

Ош облустук милициясы видео көзөмөл кылмыштууулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу максатында коюлганын белгиледи.

Маалыматка ылайык, видеокамералар бирдиктүү тутумга бириктирилип, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт жана ИИМдин нөөмөт бөлүмүндөгү мониторингге улаштырылган.

Аталган нөөмөт бөлүмдөрүндөгү экран аркылуу ар бир райондун аймагындагы коомдук жайларда, нөөмөт бөлүмдөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда жарандардын укуктарынын корголушу, мыйзамдуулуктун так сакталышы көзөмөлгө алынып турулат. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG