Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Бишкек шаарында Абай Кунанбай уулунун айкели ачылды


Абай Кунанбай уулунун айкели.
Абай Кунанбай уулунун айкели.

Бишкек шаарында казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын Абай Кунанбай уулунун айкели ачылды. Анын ачылышына Бишкекке расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен президент Садыр Жапаров катышты.

Казакстандын президенти сөзүндө акындын "кыргыз менен казактын бир тукумдан экенин эч ким талашпайт" деп айтканын мисал келтирген.

Токаев жакынкы арада тилектештиктин белгиси катары Казакстанда Манастын эстелиги орнотуларын билдирген.

Бишкек шаардык мэриясынын 2013-жылдын 15-ноябрындагы "Казак эл акыны Абайдын эстелигин орнотуу жөнүндө" 345-токтому менен Бишкек шаарындагы “Театральный” аянтынын борбордук аллеясында Абай акындын эстелигинин орду аныкталган.

Эки тараптуу келишимдерди эске алуу менен, Манастын эстелигин Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда орнотуу пландаштырылган. Манастын скульптуралык композициясын орнотуу үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сынак жарыялаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG