Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Шольц Путин Украинадагы согушту жеңе албасына ишенет


Германиянын канцлери Олаф Шольц.
Германиянын канцлери Олаф Шольц.

Германиянын канцлери Олаф Шольц билдиргендей, акыркы үч ай Орусиянын президенти Украинадагы согушту жеңе албастыгын көрсөттү.

Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумдун акыркы күнүндө сүйлөп жатып, Шольц орус армиясы Украинаны бүтүндөй басып алуу ыктымалдыгы кыйла төмөн экенин айтты.

Украинанын бир да чоң шаарын баса албаган соң Москва өз күчүн өлкөнүн чыгышына топтоп, чабуулдарын күчөттү.

"Путин согушту жеңбеш керек. мен ишенем, ал жеңбейт",-деди Шольц.

Буга чейин Шольцтун өкмөтү Орусияга каршы турууда жана Украинага колдоо көрсөтүүдө чечкиндүүлүк көрсөтпөй жатат деп сынга алынган.

Анткен менен немис канцлери Давостогу сөзүндө Германия тарыхый кадамга барып, Украинага аскердик жардам жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Ошондой эле Шольц кошумчалагандай, анын өкмөтү орус газына болгон көз карандуулукту болушунча кыскартуунун аракетин көрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG