Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 15:00

Уйгу-туйгу доордо эске түшкөн улуттук нарк


Президент Садыр Жапаров “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” алгачкы жарлыгынын уландысы катары “Улуттук нарк жөнүндө” жарлык чыгарды. Анын негизинде 1-сентябрга чейин “Улуттук наркты сактоо жөнүндө” программа иштеп чыгышы шарт.

Бүгүнкү Кыргызстан үчүн улуттук наркка тиешелүү саясатты күчөтүү муктаждыгы эмнеде? Ал технологиянын доорунда заманбап өнүгүүгө кандай салым кошот?

“Арай көз чарай” талкуубузда биз ушул жана башка суроолорго жооп издедик.

Талкууга “Манас жана Чыңгыз Айтматов” улуттук академиясынын директору Талантаалы Бакчиев, коомдук ишмерлер Алмаз Кулматов, Аймен Касенов катышты.

Талантаалы Бакчиев
Талантаалы Бакчиев

Талантаалы Бакчиев: - Демилгени туура кабылдап, туура түшүнүшүбүз керек. Бул - жарлык бийлик тарабынан коомго, шарт-жагдайга, азыркы биздин абалыбызга карата көрсөткөн көмөк аракети. Албетте, миңдеген жылдардан бери биздин каныбызга сиңген үрп-адат, нарк, салт дегенибиз жашап келет. Бирок, азыркы опурталдуу, уйгу-туйгу заманда бийлик дагы өз аракетин көрбөсө болбойт. Азыркы массалык маданияттын, ааламдашуунун доорунда, аң-сезим, адамзат өзгөрүп турган учурда бул - зарылчылык, муктаждык.

Азыркы доордо сакталып калуу деген маселе турат. Ар бир эл өзүнүн кылымдар бою сактап келген байлыгын сыртка алып чыгып, ошону кайра иштетүү керек болуп жатат. Биз аз сандуу элбиз. Мамлекетибиз, өлкөбүз, жерибиз бар. Ошондой болсо да тилибиз, маданиятыбыз жоголуп кетүү коркунучунда. Ошондуктан, бизди эл катары сактап кала турган атам замандан берки үрп-адат, салт, наркыбыз. Ошол нарк сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошол өзөктү коргоп калууга, күчтөндүрүүгө бүгүнкү бийлик мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат. Эми аны коом алып кетиши керек.

Аймен Касенов
Аймен Касенов

Аймен Касенов: Сактап калуу деген стратегияны албашыбыз керек. Биз өзүбүздү сактап калганбыз. Эми өнүгүшүбүз керек. Биздин наркыбыз, өзөгүбүз – өнүгүүгө жол. Дүйнө жүзү өзгөрүп, ааламдашуу жүрүп жатат. Көп салттардын атын билебиз, ичин, мазмунун унутуп калганбыз. Тереңирээк изилдеп, өзөгүбүздү таап, заманбап технологиялар менен айкалыштырып, камырдай жууруп, анан өзүбүздүн жаңы доорубузду, жаңы жолубузду тандап кетишибиз керек.

Бул абстракция эмес. Биз өзөгүбүздөн чыккан башкаруу, экономика, билим берүү системасын аныктап, ошонун бардыгын биздин маданий коддон чыгарып, тактап, алдыга жылышыбыз керек.

Алмаз Кулматов
Алмаз Кулматов

Алмаз Кулматов: - Ачык айтышыбыз керек, коомдо каада-салттар менен диний ишенимдерди карама-каршы коюу абдан опурталдуу, талылуу. Көбүбүз аны айтууга даабайбыз. Айыптоолорго түшүп калгандан чочуп, дымып эле жатабыз. Бирок, улуттук, саясий, социалдык иденттүүлүктөрдүн ортосунда ажырым абдан чоң. Иденттүүлүк эмне экенин түшүнбөйбүз. Өзүнүн ишенген динин айтып, өзүнүн кыргыз экенин айткысы келбеген муун пайда болуп калды.

Президенттин жарлыгында карама-каршы коюуларды алдын алуу аракети болуп атат. Бирок, мисалы, президенттин Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү мурдагы жарлыгын молдобуз дегендердин колуна салып бергендей болуп калдык да. Анда аш-тойлордо мал сойгула же сойбогула деген чектөө жок болчу. Бирок ал 99,9 % элге аш-тойдо мал сойбош керек деген тезис катары жетти. Бул президенттин жарлыгын дискредитациялоо болуп калды. Дагы бир мисал, Аскар Акаевдин убагында киргизилген “Ыйман сабагы” диний дааватка айланып кетти.

Ушундай каталар кетпеши үчүн так механизмдер иштелип чыгышы керек. Фундаментализм, радикализм дүйнөдө күчөп турганын, биз да ошого багыт алып баратканыбызды эске алышыбыз керек. Талибдер деле бизге келип кыйратып ийбейт. Биздин коомдо халифатка чуркаган бойдон баратабыз да далайыбыз. Себеби алар халифат курсак эле бардык кыйынчылыктардан кутулуп, бейишке чыгабыз деген жөнөкөй тезисти коомго сунуштап атат да.

Талантаалы Бакчиев: –Кыргыз эли табиятынан демократ эл. Бардык динге, элге, тилдерге, урууларга, цивилизацияларга байкоочу катары туура кабыл алуу сезими менен жашап келген. Кыргыз эли кескин кадамга барган эмес. Көчмөн эл болгондуктан, табият менен эриш-аркак жашагандыктан, адамдын жаратылышына эмне каршы болбосо ошону өзүнө сиңирип алган. ХIХ кылымдын экинчи жарымында Орто Азия аймагын кыдырып жүргөндө Валиханов, Радлов өңдүү окумуштуулар кыргыздар ушундай ислам жок болсо да исламдын жолунда жашап жүргөндөй жашаган эл экен деп айтышкан. Жөнөкөй бир мисал, чочко этин кыргыз исламды туткандан кийин эле эмес, ага чейин, табиятынан эле жеген эмес. Азыр алтайлыктар деле жебейт. Демек, кыргыз табияттын мыйзамдары менен эсептешип жашаган эл. Өзүн табияттан бийик койгон эмес. Ошонун бөлүгү катары кабылдап келген. Эң башкысы кыргыз үлгү болууга умтулушу керек. Жанагыдай коркунучтар же башка өлкөлөрдөгүдөй кандайдыр бир чектөөлөр болбойт. Биз андайга барбайбыз.

Аймен Касенов: - Кыргыз коомунда президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу оңой эле. Ал үчүн бардык аракеттерди ачык жасаш керек. Элдин сунуштарын угуш керек. Бизде да бар. Четте калбай биз да сунуштарыбызды беребиз. Бийлик да муну түшүнүп жатат. Мисалы, бүгүн эле бул ишти аткаруу милдети жүктөлгөн мамлекеттик катчы Касмамбетовдун айтканын уктум. Ал киши тобокелдиктерди, аткара турган иштерди ачык айтып, элге салып атат.

Алмаз Кулматов: - Биринчиден, кандай гана жакшы идея, демилге болбосун, аны коом түшүнмөйүнчө ишке ашпайт. Ошондуктан, программанын башкы максаты нарк-насилге байланышкан идеяны коомго туура жеткирип, туура түшүндүрүү болушу керек. Экинчиден, ага элдин ишеними болуш керек. Иш-чаралар конкреттештирилип, эски адат менен ыр-чоорго өтүп кетпеш керек. Төртүнчүдөн, жасала турган улуттук бренддердин каржысы камсыздалышы керек. Мурдагыдай ар кандай чечимдер кагаздагы отчет менен эмес, иш жүзүндө бүтүрүү керек. Албетте, мамлекет башындагылар милдетин аткарып жатат. Аны аягына чыгаруу үчүн ушуларды эске алган оң.

Улуттук дөөлөттөр заманбап өнүгүүгө кандай салым кошот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:51 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG