Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнкү видео кайрылуусунда, келерки аптада Украинага жаңы курал-жарак жеткирилиши боюнча “жакшы кабар” күтүп жатканын айтты.
"Биз күн сайын коргонуубузду чыңдоо үчүн иштейбиз. Бул биринчи кезекте курал-жарак менен камсыз кылуу. Биздин армия технологиялык жана сокку уруучу күч менен баскынчыларды жеңе тургандай абалга жакындап келе жатабыз. Албетте, көп нерсе өнөктөштөрдөн, алардын Украинага эркиндикти коргоо үчүн керектүү нерселердин бардыгын берүүгө даярдыгынан көз каранды. Мен келерки аптада жакшы кабар күтөм", - деди Зеленский.
Ал курал-жарак өзгөчө орус аскерлеринин Украинанын чыгышында алга жылышын токтотуу үчүн керек экенин белгиледи.
"Абал абдан оор. Айрыкча, орус армиясы жок дегенде өзүнө кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга аракет кылып жаткан Донбасстын үч району менен Харьков аймагында", - деди Зеленский.
Украин лидери Северодонецк, Лисичанск, Бахмут, Попасна жана орус аскерлери топтолгон башка шаарларды фронттогу күрөштүн негизги аймактары деп эсептейт.
Зеленский Херсон облусунда “оккупанттар чындыгында украиналыктарды барымтада кармап жатышат” деп айтты. Ал муну “алсыздыктын белгиси, анткени алардын элге бере турган эч нерсеси жок жана эл алардан эч нерсе алгысы келбейт” деп эсептейт.
Келерки аптада Украинанын президенти Европа өлкөлөрүнүн парламенттерине кайрылууга ниеттенүүдө. Еврокеңештин 30-31-майда өтө турган жыйынында Зеленский Украинадагы “орусиялык террор” тууралуу сөз кылат.
24-февралда Орусия “атайын операция” деген негизде Украинага басып кирген. Адегенде бул "демилитаризация жана деназиялаштыруу" максатында деп айтылып, кийинчерээк "Донбассты коргоо" деп аныкталган.
Орус бийликтери армия жарандык объекттерге чабуул жасабайт деп билдирген. Ошол эле маалда Орусиянын авиациясы, ракеталык аскерлери, флоту жана артиллериясы Украинанын шаарларын күн сайын аткылоодо. Мариуполдо, Харьковдо, Черниговдо, Житомирде, Северодонецкте, ошондой эле Киевде жана Украинанын башка шаарлары менен айылдарында турак-жай имараттары жана жарандык инфратүзүмдүк объектилер талкаланып жатат. (КЕ)