Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Орусиянын аскерлери Северодонецк шаарынын борборуна жакындады


Украин жоокери Лисичанск шаарын коргоодо. 30-май 2022-жыл
Украин жоокери Лисичанск шаарын коргоодо. 30-май 2022-жыл

Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын Северодонецк шаарынын борборуна жакындашты. Бир нече күндөн бери калаанын көчөлөрүндө салгылашуулар жүрүп жатат. Украина президенти Владимир Зеленский Донбасстагы абал абдан оор экенин 30-майдын кечинде айтты:

“Орус армиясы айрым чөлкөмдөргө көп сандагы аскерлерин тартып, биздин жоокерлерге кысым барган сайын күчөп жатат”.

Орусия Киев жана Харьков облустарынан сүрүлүп чыккандан бери өз күчтөрүн Донбасска топтоп, тынбай чабуул коюп келатат.

Британиянын чалгындоо кызматы 31-майда Северодонецк аткыланып жатканын, шаардын жака белинде кармаш жүргөнүн бышыктады.

Орус армиясы Украинанын калган жерлерине да сокку урууну улантууда.

Ошол эле маалда, Киевдин айтымында, орус аскерлери кээ бир айыл-кыштактардан чегинүүгө аргасыз болду.

Эксперттер белгилегендей, Северодонецк менен Лисичанск шаарлары куласа, анда Луганск облусу толугу менен Орусиянын көзөмөлүнө өтөт. Бул - Кремл “атайын операциясын” баштап жатканда алдына койгон максаттардын бири болчу.

XS
SM
MD
LG