Кыргызстанга Түштүк Кореядан ишкер, маданий ишмерлер, жазуучу жана журналисттерден турган делегация келет.
Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Фейсбук баракчасына жазды. Элчинин жазганына караганда, Түштүк Кореянын KBS (Korean Broadcasting System) коомдук телерадиокомпаниясынын, Сеул шаарынын мэриясынын жана "Евразиялык сереп" коомдук журналынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн.
Анда Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик потенциалын Түштүк Кореянын маалымат каражаттарында чагылдыруу, маданий кызматташтык тууралуу сөз болгон. Исмаилова Түштүк Кореядан делегация июль айында келери күтүлүп жатканын белгилеген.
Түштүк Кореянын премьер-министри баштаган делегация расмий сапар менен Кыргызстанга 2019-жылы июлда келген. 2018-жылы Кыргызстан менен бул ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 30 миллион долларды түзгөн. (КЕ)