Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Орусиядагы мигранттар маселеси талкууланат


Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 1-июнда Бишкекте Орусияга эмгек миграциясына кетип жаткан кыргызстандыктардын укугун коргоо боюнча биргелешип иштөө маселесин талкуулаган жыйын өтөт. Мигранттардын укугун коргоодо Орусия менен Кыргызстандын тийиштүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз болорун уюштуруучулар – Санкт-Петербургдагы «ПСП-фонд» уюму жана Кыргызстандын “Улгайган адамдардын ресурстук борбору” кабарлашты.

Орусиядан келген адистер бул өлкөнүн тыштан барган эмгек мигранттарына карата саясаты, мыйзамдары, ал эми Кыргызстандын тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрү өлкөдөгү миграциялык процессттердин негизги көйгөйлөрү боюнча маалымат беришет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 82 миңдей жараны Орусиянын миграциялык “кара тизмесинде” экенин 20-майда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирген. Ал Орусияга барган мигранттарга каттоого туруу үчүн манжа изин тапшыруу, медициналык текшерүүдөн өтүү жана сүрөткө түшүү деген милдеттүү талаптардын коюлуп жатышын Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алкагында жумушчулардын эркин жүрүүсүнө коркунуч туудурган тоскоолдуктардын белгилеринин бири деп атаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG