Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

“ПолитКлиника” басылмасы Акылбек Жапаровдун жакындарынын жери тууралуу иликтөө жарыялады


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“ПолитКлиника” медиасы “Коррупциянын вакцинасы” премьер-министр Акылбек Жапаров менен экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун шектүү иштери" аттуу иликтөөсүн жарыялады. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын жакын туугандарына Бишкектин жака белиндеги ондогон гектар жер берилип, жерди майдалап элге сатканы айтылган.

“ПолитКлиниканын” иликтөөсүндө Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы айыл чарба багытындагы 28 гектар жер 2009-жылы мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен трансформациядан өтүп, 18 гектары Акылбек Жапаровдун апасы Бегайым Саринжиевага жана 10 гектары Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарованын эжеси Зуурабүбү Осмоновага таандык болгону айтылат. Жер трансформациядан өткөн учурда Акылбек Жапаров экономика жана соода министри болуп турган.

“ПолитКлиника" басылмасы Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы аталган жерде азыр "Айкөл" деген элиталык жаңы конуш түшкөнүн жазган.

"Бегайым Саринжиева менен Зуурабүбү Осмоновага жазылган бул жерлер майда жер тилкелерине бөлүнүп, Акылбек Жапаровдун жакын адамдары тарабынан сатылган. 2011-жылдагы баа менен, 4 сотых жер тилкеси 7 миң доллардан кем эмес баага сатылган. Эгерде бир жер тилкесинин орточо аянты 4 сотых деп эсептесек, 28 гектар 700 жер тилкесине айланмак. Ошол кездеги баа менен эсептеп көрсөк, бул жер тилкелердин жалпы баасы 5 млн. долларды түзмөк. Бирок бул 28 гектар жер тилкесин ар кандай аянттагы 364 жер тилкесине бөлүшкөн", - деп айтылат иликтөөдө.

“ПолитКлиника" басылмасы иликтөөсүндө айыл чарба багытындагы 28 гектар жерди трансформациялаган мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун байланышы тууралуу дагы бир канча фактыларды келтирген.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы “ПолитКлиниканын" иликтөөсү боюнча комментарий бере элек.

58 жаштагы Акылбек Жапаров өткөн жылдын октябрь айынан бери Министрлер кабинетинин башчысы болуп иштеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG