Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Мадумаров Ташиевдин аткезчиликке байланыштуу дооматына жооп берди


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин "Мадумаров Баткен облусундагы аткезчилик менен алектенген айрым адамдарды калкалайт", - деген сөзүнө жооп берди.

Мадумаров айланасында аткезчилик менен алектенгендер болсо өмүр бою камап салууга чакырды.

"Биз Баткен облусуна фракция менен бардык. Баткен районунун, Лейлек районунун акими бизди коштоп жүрдү. Акматов менен сүйлөшөт дейт. Ташматовбу, Эшматовбу ким болбосун карма дагы, аткезчилик кылып жаткан болсо өмүр бою камап сал. Биз баргандан кийин көрүнгөн киши келип арыз-арманын айтат. Жүзүн жашырган жок, силердин кызматкерлерге окшоп чүмбөттөнүп алган жок, сайгактап качкан жок. Түздөн-түз камерага 500 доллар берем десем болбой, миң доллар бер деп айтып атканын дүйнө укту".

Адахан Мадумаров аткезчилик бир мамлекеттен экинчи мамлекетке ташыганда болорун, Кыргызстандын ичиндеги эки айылдын ичинде пост турбаш керек экенин белгиледи.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүү алдында депутат Адахан Мадумаровду "УКМКга далилсиз сын айтууда" деп айыптаган.

Парламенттин 1-июндагы отурумунда депутат Адахан Мадумаров көйгөйдү Лейлек районунун Кулунду айылынын мисалында айтып, 24-майдан бери жер семирткич буулганын билдирген. Баткенде аткезчиликке каршы деген негизде коюлган посттор "жергиликтүү дыйкандарга түйшүк жаратып жатканын" буга чейин башка да депутаттар айтып чыгышкан.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн аталган бекеттер 2021-жылдын 1-октябрында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын токтому менен коюлганын билдиришкен. Жыл башынан бери 25 аткезчилик фактысы катталып, натыйжада 32 миллион сом казынага түшкөнү маалымдалган.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Мындан кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG