Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

Түркия Сирияда жаңы аскердик операция жасоо үчүн даярданды


Түркия-Сирия чек арасындагы түрк танктары. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркия-Сирия чек арасындагы түрк танктары. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган коңшу Сириянын түндүгүндө бул өлкөнүн Улуттук коргонуу отряддарына каршы аскердик операция жүргүзүү үчүн даярдык аяктап калганын билдирди. Эрдоган бул тууралуу АК партиянын (Adalet ve Kalkınma Partisi) мүчөлөрү менен жолугушууда айтканын Түркиянын Hurriyet гезити жазды.

Улуттук коргонуу отряддары (Yekineyen Parastina Gel, YPG) – жалаң күрд тектүү жарандардан турган Сириядагы куралдуу түзүм. Ал Сириянын түндүк-чыгышындагы көп аймакты көзөмөлдөп турат. Бул топ Батыш мамлекеттеринин колдоосунда “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөшкө катышкан. Түркия Улуттук коргонуу отряддарынын өзүн да "экстремисттик уюм" деп тапкан.

Эрдоган аскердик операциялар Түркия менен Сириянын ортосунда 30 чакырымдык коопсуз буфердик зона түзүү үчүн жасалчу баштапкы аракеттер болорун түшүндүрүүдө.

Анкара Сириянын Улуттук коргонуу отряддарын Түркиянын ичинде күрд автономиясын талап кылган Күрдистан жумушчулар партиясы менен байланышы бар деп айыптап келет. Күрдистан жумушчулар партиясы Түркиянын өзүндө жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм деп табылган.

Батыш өлкөлөрү түзгөн Сирия демократиялык күчтөрү (курамында Улуттук коргонуу отряддары да кирет) Түркия кол салуусун баштаса, күрд аскерлери террорчулар күрөшүүсүн токтотуп, түрк армиясы менен күрөшкө басым жасай турганын билдирүүдө.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түркияны Сирияда жаңы операция баштоодон баш тартууга чакырып, Анкараны 2019-жылы ок атышуу токтотулган линияны карманууга үндөдү. “Биз аскердик операцияга каршы чыгабыз”,-деди ал шаршембиде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен биргелешкен басма сөз жыйынында.

Анкара 2016-жылдан бери Сирияда төрт аскердик операция өткөрдү жана учурда коңшу өлкөнүн түндүк аймагынын бир бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Түркия күрддөрдүн Улуттук коргонуу отряддарын сүрүп чыгарып, 30-чакырымдык буфердик зонада Сириядан келген качкындарды жайгаштырууну көздөп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG