Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Актёр Жонни Депп мурдагы аялы Эмбер Хёрдду соттон утуп чыкты


Жонни Депп
Жонни Депп

1-июнда АКШнын Виржиния штатындагы соттук процессте арачылар бир добуштан актриса Эмбер Хёрдду мурдагы күйөөсү, актёр Жонни Депптин аброюна шек келтирген деп тапты. Соттук кароо 11-апрелден бери уланып, американын коомчулугунда үй-бүлөлүк зомбулук темасын көтөргөн жаңы толкунду жаратты.

Хёрд коюлган айыптардын бардык пункту боюнча күнөөлүү деп табылды. Арачылар анын күйөөсүнө койгон кинеси жалган болгон деп чечим чыгарды. Эми актриса мурдагы күйөөсүнө 15 миллион доллар кенемте төлөшү керек. Өкүмдү жарыялоону бир катар басылмалар түз алып көрсөттү.

Соттук арачылар ошол эле маалда Эмбер Хёрддун Деппке койгон үч доосунун бирин канаттандырды. Алар Депп өзүнүн адвокаты аркылуу актрисаны айрым нерселерге туура эмес күнөөлөгөн деп тапты. Жыйынтыгында Депп Хёрдго 2 миллион доллар компенсация төлөөгө милдеттендирилди.

Жонни Депп менен Эмбер Хёрд 2015-жылы баш кошуп, 2017-жылы ажырашкан. Кийинчерээк, 2018-жылы актриса The Washington Post гезитине макала жарыялап, анда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын жазган. Материалда Депптин аты жазылган эмес, бирок өзүнүн сөзүнө караганда макала анын карьерасына чекит коюп салган. Бир катар компаниялар аны киного тартуудан баш тартып, бар ролдору башкаларга берилип кеткен.

Натыйжада, Депп жалаа жапканы үчүн мурдагы аялынын үстүнөн сотко даттанып, андан 50 миллион доллар талап кылган. Андан кийин Хёрд Деппке каршы арыз жазып, аны зомбулукка айыптаган жана 100 миллион доллар компенсация доо койгон.

Депп мурдараак Лондондогу соттук процессте аны “аялын сабаган киши” деп атаган The Sun гезитин утуп чыккан. Актёр аялына эч качан кол көтөрбөгөнүн билдирип келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG