Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Кыргыз кызы Түштүк Кореяда жергиликтүү кеңештин депутаты болду


Айсулуу Аширалиева.
Айсулуу Аширалиева.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова 1-июнда ал өлкөдө жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу өткөнүн айтып, анда кыргыз кызы Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын кеңешинин депутаты болуп шайланганын маалымдады. Элчи бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Көп адамды жеңип, чет өлкөдө, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайыма элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп, мыкты патриот мекендештерибиздин бири”, - деп жазды элчи.

Элчи 42 жаштагы Айсулуу Аширалиева Түштүк Кореяга качан кетип жана жарандыкты качан алганы тууралуу маалымат жазган жок. Аширалиеванын Фейсбуктагы баракчасында Талас облусунан экени жана Бишкек гуманитардык университетинде билим алганы жазылып турат.

Жалпысынан Түштүк Кореяда беш миңдей кыргызстандык бар экени айтылат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG