Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Ысык-Көлдө таланттуу балдар үчүн мектеп курулуп жатат


Президент Садыр Жапаровдун мектептин курулушу менен таанышып жаткан учуру.
Президент Садыр Жапаровдун мектептин курулушу менен таанышып жаткан учуру.

Чолпон-Ата шаарында таланттуу балдар үчүн президенттик мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мектептин курулушу менен 2-июнда президент Садыр Жапаров таанышкан.

Маалыматта билим берүүчү мекеме 220 окуучуга эсептелгени, демөөрчүлүк каражаттарды тартуу менен курулуп жатканы айтылат.

Мектеп Саламаттык сактоо министрлигинин балансында турган курорттордун биринин аймагына курулуп жатат.

Президент буга чейин таланттуу балдарды өз убагында аныктоо маанилүү экенине токтолгон.

Мектептин курулушу ушул жылдын 15-сентябрына чейин бүткөрүлөт.

1-июнда Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси ишке берилди.

Медициналык-реабилитациялык борбор сегиз блоктон турат. Ал жерде аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү бар.

Комплекс бир мезгилде 400 баланы энеси менен кабыл алууга ылайыкташкан. Мекемеде медициналык илим изилдөө бөлүмү да иш алып барат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG