Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Тажикстандын президенти Өзбекстанга барды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Ташкентке барды.

Мунун алдында Тажикстандын Өзбекстандагы элчиси Абдужаббор Рахмонзода жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн президенттери соода, экономикалык, транспорттук байланыш жана маданий-гуманитардык карым-катыш темаларын сүйлөшөрүн айткан. Бир катар документтерге кол коюлары да күтүлүүдө.

Рахмон келердин алдында Ташкентте өзбек-тажик бизнес-форуму өтүп, ага эки өлкөнүн 200дөй расмий аткаминерлери жана бизнес өкүлдөрү катышты. Анда 1 млрд. долларлык 75 документке кол коюлду.

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлиги эки мамлекеттин ортосундагы сооданы арттыруу үчүн чек арада атайын соода-индустриалдык борбор уюштуруларын маалымдады.

Расмий маалыматтарга ылайык, ушуга чейин Өзбекстанда тажик капиталынын негизинде 240 биргелешкен ишкана түзүлгөн, Тажикстанда өзбекстандыктар катышкан 61 компания иштеп жатат. Мурдараак айрым тажик ишкерлери мекениндеги салыктын көптүгүнөн Өзбекстанда иш алып барып жатышканын билдиришкен эле.

Өзбекстан менен Тажикстандын мамилеси 2017-жылга чейин начар болчу. Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин коңшу мамлекеттер менен мамилени жакшыртууга өткөн. Айрым эксперттер эки президент жабык эшик артында Ооганстандагы кырдалды да сүйлөшөт деп божомолдоодо.

Май айынын аягында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мурда начар мамиледе болуп келген Иранга барып, анын лидерлери менен жолугушуп кайткан. Дүйшөмбү менен Тегеран коопсуздук багытында кызматташууларын жанданткан. Талдоочулар муну Ооганстандагы кырдаалга жана кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштырышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG