Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Меркель Орусиянын Украинага кол салуусун “варвардык согуш” деп атады


Ангела Меркель жана Владимир Путин. 10-май, 2015-жыл. Кремль, Москва.
Ангела Меркель жана Владимир Путин. 10-май, 2015-жыл. Кремль, Москва.

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель Орусиянын Украинага кол салуусу жөнүндө биринчи жолу коомдук билдирүү жасап, аны айыптады. Бул тууралуу германиялык Zeit Online гезити кабарлады.

“Мен Орусия кол салган Украина менен тилектешмин жана анын өзүн-өзү коргоо укугун колдойм”,-деп айтылат анын кайрылуусунда.

Меркель ошондой эле Германиянын азыркы бийлигинин жана Евробиримдигиндеги башка мамлекеттердин лидерлеринин, ошондой эле АКШнын, НАТОнун, G7 жана БУУнун Орусияга каршы кабыл алып жаткан чараларын да колдой турганын кошумчалады.

Экс-канцлер болуп жаткан окуяны “варвардык согуш” деп атап, ага тез арада чекит коюш керектигин айтты. Ал Украинадагы согуш “Европанын тарыхында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң одоно эл аралык укукту бузуу фактысы” болуп калганын белгиледи. “Буча – мунун анык мисалы”,-деди ал.

Ангела Меркель өзү канцлер болуп турган учурундагы Орусияга карата саясаты тууралуу пикирин айткан эмес.

Апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиянын экс-канцлери Ангела Меркелге жана Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозиге кайрылып, Бучага келип кетүүгө чакырган. Зеленский ал саясатчылардын Орусияга жан тарткан саясатынын жыйынтыгы Москванын Украинага кол салуусуна алып келгенин сынга алган.

Ангела Меркель 2005-жылдын ноябрынан 2021-жылдын декабрына чейин Германиянын канцлери болгон. Кийинки билдирүүлөрүндө ал Украинаны 2008-жылы НАТОго кошпоо чечими туура болгонун айтып чыккан.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны "денацификациялоо" жана "демилитаризациялоо" деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Согуш башталган үч айдан бери Украинада миңдеген, айрым эсептер боюнча он миңдеген жайкын тургундар өлдү. Эки тараптын кагылышуусунан ошондой эле миңдеген аскерлер кырылды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG