Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:34

Чек арадагы атышууда Кыргызстандын эки чек арачысы жарадар болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда эки аскер жараат алганын билдирди.

Министрликтин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалымдашынча, жарадар болгондордун бирөөсүнүн абалы оор. Аларды "Тез жардам" окуя болгон жерден облустук ооруканага алып келүүдө.

Булак-Башы аймагында "Тез жардам" кызматынын 2 бригадасы иштеп жатат. Мининистрлик оорукана күчөтүлгөн тартипке өткөнүн, керектүү дары-дармектер жетиштүү экенин билдирди.

Облустук бийлик атышуу болгон жерде Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев абалды көзөмөлдөп жатканын билдирди. Облустун башка чек арага жакын аймактарда абал туруктуу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу саат 14:15те токтогонун Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлап, эки жактан да жараат алгандар бар экенин кабарлаган.

Мекеме буга чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн билдирген. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Мекеме алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганын мурдараак кабарлаган. Кийин тажик тарап аскердик оор техникаларды тартканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин башчылары телефон аркылуу байланышып, атышууну токтотуу тууралуу макулдашканын, бирок ошого карабастан тажик чек арачылары дагы эле атып жатканын билдирди. Тажикстандын расмий органдары азырынча маалымат бере элек.

Булак-Башы аймагы Тажикстандын Ворух анклавынын түштүк чыгыш тарабынан чектешип, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына карайт. Ал жерге аталган айыл аймактын жана Баткен шаарынын малчылары жайытка чыгат. Кара-Булак айыл аймагынын 10 чакты тургундарынын айдоо жерлери жана үйлөрү бар. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG