Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин саат 13:00го карата маалыматына караганда, атышуу уланууда.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Мекеме алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тажик тарап миномет колдонду.

Баштапкы маалымат боюнча, кыргыз тараптан жараат алгандар же жабыркагандар жок.

Кыргызстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин башчылары телефон аркылуу байланышып, атышууну токтотуу тууралуу макулдашканын, бирок ошого карабастан тажик чек арачылары дагы эле атып жатканын билдирди.

Ошону менен катар Кыргызстан абалдын курчуп кетишине жол бербөө чаралары көрүлүп жатканын белгилеп, тажик аскерлерин тез арада кыргыз тарапка ок чыгарууну токтотууга чакырды, болбосо, жооп берилерин эскертти.

Тажикстандын расмий органдары азырынча маалымат бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG