Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Чек ара: Булак-Башыдагы атышууда эки аскер жарадар болду


Чыр чыккан Булак-Башы аймагы Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешип турат.
Чыр чыккан Булак-Башы аймагы Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешип турат.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 4-июнга караган түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок.

"УКМКнын Чек ара кызматынын жеке курамы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча милдеттерин аткарууну улантып жатышат", - деп айтылды мекеменин маалыматында.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 4-июнда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жараат алган эки аскерден кабар алды. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, ал Улуттук госпиталга барып, дарыланып жаткан жоокерлерге жолукту.

Баткенде жараат алган эки жоокер Бишкекке 4-июнда жеткирилди.
Баткенде жараат алган эки жоокер Бишкекке 4-июнда жеткирилди.

Саламаттык сактоо министрлиги 3-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда эки аскер жараат алганын кабарлаган. "Тез жардам" аларды окуя болгон жерден Баткен шаарындагы облустук ооруканага алып келишип, андан кийин Бишкекке тик учак жеткирилген.

  • Алардын бири 2001-жылы туулган сержант Б. Суйунбек уулу башынан жараат алган, мээси чайкалган жана омуртка сөөгү сынган. Нейротравма бөлүмүнө жаткырылган жоокердин абалын дарыгерлер туруктуу оор деп баалап жатышканы айтылды.
  • 2000-жылы туулган ефрейтор З. Жалиловдун баш сөөгү, моюну, төш сөөгү, ийини, кежигеси, далысы октон жабыркаган, мээси чайкалган жоокердин абалы оор, ага операция жасалууда.

Эки саатка жакын ок атышуу

3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Мекеменин саат 19:00гө карата абал туруктуу экенин, эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилери Төрт-Көчө аймагында жолугушканын кабарлаган.

Сүйлөшүүдө тараптар кошумча тартылган күчтөрдү жана каражаттарды чыгарып кетүү, инженердик курулуштарды демонтаждоо, бийиктиктерге чек ара кезметтерин жиберүүгө тыюу салууну макулдашты. Ошондой эле алар макулдашууларды аткарып, чыр-чатактын күчөшүнө жол бербей, бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечмей болушту.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы кырдаалдын курчушун алдын алуу үчүн келишилген макулдашуулардын аткарылышын жактай турганын билдирди.

Министрликтин расмий өкүлү Авазбек Атаханов бардык маселелер саясий жана дипломатиялык жолдор менен гана чечилиши керектигин белгиледи. Ошондой эле тараптарды конструктивдүү жана боорукер маанайды түзүүгө чакырды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин 3-июнда Баткен шаарына барганы кабарланды.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Булак-Башыдагы чырга Тажикстандын чек арачыларынын Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөнү себеп болгон.

“Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Андан кийин тажик чек арачылары ок чыгарып, саат түшкү бирге жакын атышуу башталган”, - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Мекеме ошондой эле тажик тарап минометтон аткылаганын, жаңжал катталган жерге Тажикстандын оор техникаларды тартканы байкалганын билдирди. Куралдуу кагылышуу түшкө жакын башталып, саат 14:15те токтогон. Облустук бийлик атышуу болгон жерде Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев абалды көзөмөлдөп жатканын билдирди. Облустун башка чек арага жакын аймактарында абал туруктуу.

Ал эми Тажикстандын тиешелүү кызматтары окуя боюнча расмий маалымат тарата элек. Бирок жергиликтүү “Азия-Плюс” агенттиги Ворухтагы өз булактарына таянып, чек арадагы чыр Кыргызстандын аскерлери Тажикстандын аймагына кирип келгенден кийин башталганын жазды.

3-июнда ок атышуу катталган Булак-Башы аймагы Тажикстандын Ворух анклавынын түштүк чыгыш тарабынан чектешип, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына карайт. Ал жерге Баткен районунун малчылары жайытка чыгат. Союз учурунда Булак-Башыда 50-60 түтүн жашап, кийин алардын көбү жакага көчүрүлгөн. Азыр жай мезгилинде 10 чакты үй-бүлө жер иштетип, мал багат.

Жаңжал катталган Булак-Башыда жашаган Төлөн Эшназаров абалды мындай сүрөттөдү:

“Тажикстан оор техника колдонду окшойт. Кандай снаряд менен атты айта албайм. Бирок капкара болуп эле түтөп жатты. Биз жашаган айылды аткылады. Ал жерден баарыбыз чыгып кеткенбиз. Бир чакырым алыстан карап турдук. Ал жерде 10 чакты үй-бүлө жашайбыз. Менин беш балам бар. Ошолордун коопсуздугунан коркуп жатам”.

Ок атылган аймакта мал баккан чабандардын бири Шамил Бурханов соңку бир жылдан бери Булак-Башыда жашоо кооптуу боло баштаганын айтып берди.

“Койчулардын көбү быйыл кооптонуп Булак-Башыга чыккан эмес. Ал жерде пост бар. Анда кыргыз чек арачылары турат. Негизи аталган жайлоого Баткен шаарынын жанындагы Бужум айылынын малы барат. Он чакты чабан элдин, өзүнүн малын багат”.

Булак-Башы аймагында 2014-жылы декабрь айында да чыр болгон. Анда элдин жай мезгилде убактылуу жашап туруучу тогуз турак жайы Тажикстандын жарандары тарабынан атайын өрттөлүп, кийин калыбына келтирилген.

Баткен облусунун мурдагы губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Булак-Башы стратегиялык мааниси чоң аймак экенин айтып жатат.

“Бул кошуналардын катардагы чагымы. Аталган жайлоого кызыгып жатабы, өзүлөрүнө каратып алуу аракети барбы? Аны айтуу оор болуп турат. Ворух деген бир убактарда кичинекей эле айыл болчу. Ушундай жол менен кеңейтип жатышпайбы. Биринчи чыр чыгарат, кийин бак-дарак отургуза баштайт”.

Тажикстандын расмий органдары окуя боюнча азырынча маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн такталбаган чек араларында жол, суу, жайыт талаштын айынан тынымсыз чыр-чатактар катталып турат. Бишкек менен Дүйшөмбү бул окуялар үчүн бири-бирин айыптап келет.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Адистер акыркы жылдары Борбор Азиядагы бул эки мамлекеттин ортосунда куралдуу кагылышуулар көп катталып, эки мамлекет тең жарыша куралданып жатканына тынчсыздануусун билдирип келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG