Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Аким: Атышуу болуп жаткан жерде жайкын тургундар жок


Көк-Таш айылы. 29-январь. 2022-жыл
Көк-Таш айылы. 29-январь. 2022-жыл

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу болгон жерде жайкын тургундар жок. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Акимдин айтымында, окуя болгон аймакта эки тараптын чек ара кызматынын аймактык жетекчилери жолугушуп, абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Булак-Башы жерлигинде учурда Кыргызстан тараптан жайкын тургундар жок, малчылар да ок атышуу болгон жерден алыс. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жайкын тургундарга коркунуч жаралбашы үчүн абалды көзөмөлдөп турушат.

Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин саат 14:00гө берген маалыматка караганда атышуу уланууда. Мамлекеттик кызмат тажик чек арачылары аскердик оор техникаларды тартканын маалымдады.

Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн билдирген. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Мекеме алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганын билдирди.

Баштапкы маалымат боюнча, кыргыз тараптан жараат алгандар же жабыркагандар жок.

Кыргызстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин башчылары телефон аркылуу байланышып, атышууну токтотуу тууралуу макулдашканын, бирок ошого карабастан тажик чек арачылары дагы эле атып жатканын билдирди.

Ошону менен катар Кыргызстан абалдын курчуп кетишине жол бербөө чаралары көрүлүп жатканын белгилеп, тажик аскерлерин тез арада кыргыз тарапка ок чыгарууну токтотууга чакырды, болбосо, жооп берилерин эскертти.
Тажикстандын расмий органдары азырынча маалымат бере элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG