Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Министр китепканадагы намазкана жөнүндө түшүндүрмө берди


Китеп окуп аткан кыз. (Архивдик сүрөт)
Китеп окуп аткан кыз. (Архивдик сүрөт)

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканадагы намазкана тууралуу түшүндүрмө берди. Ал намазкана имараттын жер төлөсүндөгү чакан аянтчада экенин билдирди.

“Китепкананын дааратканаларын курулуш компания жасап берип жаткан экен. Ошол кызматкерлер намаз окуганга кичинекей бурч болсо деп сураган экен. Атайын бөлмө эмес, китептер ал жакта сакталбайт”, - деди министр.

Буга чейин социалдык тармактарда китепканада намазкана пайда болгону жөнүндө кабар тараган.

Мамлекеттик имараттардан Жогорку Кеңеште намазкана бар.

Өлкөнүн башкы китепканасы 1933-жылы түптөлгөн. 1993-жылы “улуттук” деген макам алып, 2015-жылы акын Алыкул Осмоновдун ысымы ыйгарылган. Китепканада эң маанилүү, уникалдуу китептер жана өтө баалуу басылмалар сакталган. Болжол менен жылына 2 миллионго жакын окурман келет. Жүзгө жакын тилдеги 6 миллиондой басылма бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG