Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Европа Биримдиги Орусиянын мунайын сатып алууга жарым-жартылай тыюу салды


Европа Биримдигинин Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетинде орус мунайын ташууга жарым-жартылай чектөө киргизилди.
Европа Биримдигинин Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетинде орус мунайын ташууга жарым-жартылай чектөө киргизилди.

Европа Биримдигинин кеңеши 3-июнда Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетин расмий түрдө бекитти. Уюмга мүчө-мамлекеттердин атайын өкүлдөрү документти 2-июнда жактырышкан.

Жаңы санкцияда орус мунайын ташып келүүнү алты айдан кийин, мунай заттарын сатып алууну сегиз айдан кийин толук токтотуу чечимин кабыл алды.

Убактылуу уруксат чийки мунайды куур аркылуу алып жаткан уюмга мүчө Венгрия, Чехия, Словакия сыяктуу мамлекеттерге гана калтырылды. Болгария менен Хорватияга вакуумдук газойл жана мунай жеткирип турууга коюлган мөөнөт да бир аз узартылышы мүмкүн.

Алтынчы пакетте мындан сырткары Орусиянын “Сбербанкын”, “Россельхозбанкын”, “Москва кредиттик банкын” жана Беларустун “Өнүктүрүү банкын” SWIFT эл аралык төлөм системасынан өчүрүү каралды.

Мындан сырткары Евробиримдикте үч орус мамлекеттик телеканалдары: "РТР-Планета", "Россия-24" жана "ТВ Центрди" көрсөтүүгө тыюу салынды. Евробиримдик жаңы документ менен ошондой эле кара тизмеге кирген жарандардын жана компаниялардын тизмесин кеңейтти.

Санкциялардын алтынчы пакети апрелден тартып эле талкууланып келаткан. Европа Комиссиясы документтин долбоорун 4-майда уюмга мүчө-мамлекеттерге жөнөткөн эле. Алар талаш-тартыштардан кийин анын мазмунун 30-майда макулдашкан.

Санкциялардын ичинде көбүнчө мунайга толук эмбарго киргизүү каршылыктарды жараткан. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан уюмдун ичиндеги мамлекеттерге Орусиядан мунай ташып келүүгө тыюу салуу демилгесин колдобой турганын расмий билдирген. Натыйжада чара жумшартылып, куур аркылуу ташылган мунайга эмбарго киргизбөө сүйлөшүлүп жаткан.

Евробиримдиктин ичинде бир нече мамлекет орус мунайын куур аркылуу алып өтөт. Башка өлкөлөр мунайды Балтика деңизи жана Кара деңиз аркылуу ташып келишкен. Эгер танкерлер менен ташып келүү буулса, жыл соңуна чейин Орусиядан Евробиримдикке келчү мунай 90% кыскарат деп эсептелди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG